Өкмөттү сындады деп кармалган активисттин аты-жөнү такталды

Автор -
@Azattyk

Аймак аралык касташууну козутуу фактысы боюнча кармалган социалдык тармактардын колдонуучусу активист Афтандил Жоробеков болуп чыкты. Бул маалымат соттун билдирүүсүнөн улам аныкталды, деп жазат «Азаттык».

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз катчысы Асел Равшанбекова атайын кызмат тарабынан кармалган Жоробековдун бөгөт чарасы каралып, соттук өндүрүш аяктагыча, 2020-жылдын 24-январына чейин камакка алынганын ырастады.

Афтандил Жоробековдун атасы, Ош шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Темир Жоробеков уулунун камакка алынгандыгынын чоо-жайынан толук кабары жок экенин айтып, аны менен кабарлаша албай жатканын билдирди.

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети аймак аралык касташууну козутуу фактысы боюнча социалдык тармактардын активдүү колдонуучусун (А.Ж.) кармаганын кабарлаган.

Комитеттин басма сөз кызматынын маалыматында айтылгандай, кармалган жаран жалган, чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды социалдык тармактын колдонуучуларынын арасында жайылтып, массалык нааразылык актыларын уюштурууга үндөгөн.

Жоробековго Жазык кодексинин 313-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту («Аймак аралык касташууну козутуу») боюнча кылмышка шектүү экени билдирилген. Ал УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Афтандил Жоробеков Бишкек шаарындагы, Ош шаарындагы жана Кара-Суу районундагы бир катар маселелерди көтөрүп жүргөнү менен белгилүү. Ал Фейсбуктагы «БеспределKG» баракчасы аркылуу бийликти сындаган постторду коюп турчу. Акыркы жолу 24-ноябрда Райымбек Матраимовго байланыштуу пост калтырган. Ушул убакта анын баракчасы ачылбай жатат.