Майлуу-Суу шаарындагы аскер бөлүктө 22 жаштагы жоокер муунуп өлдү

Автор -

Майлуу-Суу шаарындагы аскер бөлүктө жоокер муунуп өлдү. Бул тууралуу КР Куралдуу күчтөрүнө таянып, Kaktus.media жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Майлуу-Суу шаарындагы №12544 аскер бөлүгүндө аскердик милдетин өтөп жаткан 22 жаштагы А.уулу Т. аттуу жоокердин жансыз денесин бүгүн, 27-ноябрда болжол менен саат 8:00дө автоунаалар токтотулчу жайдан табышкан. Ал муунуп өлгөн.

«А.уулу Т. буга чейин аскер бөлүктө айдын жыйынтыгы боюнча мыкты милдет өтөп жаткан жоокер катары табылгандыктан, 10 күнгө бошотулуп, үйүнө жиберилген. Үйүнөн кечээ, 26-ноябрда кечке маал келген»,
деп айтылат маалыматта.

Учурда окуянын чоо-жайы териштирилүүдө. Бул факт боюнча кызматтык териштирүү дайындалды. Жалал-Абад гарнизонунун Аскер прокуратурасы тарабынан сотко чейинки өндүрүш иш-чаралары өтүп жатат.

Бөлүшүү