Майлуу-Суу шаарындагы аскер бөлүктө 22 жаштагы жоокер муунуп өлдү

Автор -

Майлуу-Суу шаарындагы аскер бөлүктө жоокер муунуп өлдү. Бул тууралуу КР Куралдуу күчтөрүнө таянып, Kaktus.media жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Майлуу-Суу шаарындагы №12544 аскер бөлүгүндө аскердик милдетин өтөп жаткан 22 жаштагы А.уулу Т. аттуу жоокердин жансыз денесин бүгүн, 27-ноябрда болжол менен саат 8:00дө автоунаалар токтотулчу жайдан табышкан. Ал муунуп өлгөн.

[ads-quote-center cite=’деп айтылат маалыматта.’]«А.уулу Т. буга чейин аскер бөлүктө айдын жыйынтыгы боюнча мыкты милдет өтөп жаткан жоокер катары табылгандыктан, 10 күнгө бошотулуп, үйүнө жиберилген. Үйүнөн кечээ, 26-ноябрда кечке маал келген», [/ads-quote-center]

Учурда окуянын чоо-жайы териштирилүүдө. Бул факт боюнча кызматтык териштирүү дайындалды. Жалал-Абад гарнизонунун Аскер прокуратурасы тарабынан сотко чейинки өндүрүш иш-чаралары өтүп жатат.