Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева Парижде сүрөт көргөзмөсүн өткөрүүдө. Бул тууралуу ал Инстаграмдагы баракчасына жазып чыкты.
Сүрөттүн алдына калтырган текстинде Алия ал үчүн күз мезгили өтө оор болгонун, өлүм тууралуу ойлор келип баштаганын жазган. Кийинчерээк ал абалды жеңип, Париждеги сүрөт көргөзмөсүнө даяр болгонун айтат.
«Жашоомдогу кара жол бүттү. Азыр «кандай гана нерсе болбосун, жакшылыкка» деген сөздүн маңызына жетип жатам. Азыр ошол нерсенин баары бекер болбогонун түшүнүп жатам. Экспозицияда кайсы бир учурдагы сезим, окуяны берген эмгектер көрсөтүлгөн. Ар кандай маанайда, ар кандай техника менен тартылган. Бирок баарында бир — өзүңө-өзүң чынчыл болуунун маанилүүлүгү тууралуу ой берилген», — дейт Алия Шагиева.
https://www.instagram.com/p/B5VRRUeBzn6/
Маалыматка ылайык, Парижде орун алган сүрөт көргөзмөсү 23-ноябрда ачылган.