Ширин Айтматова: «Үмүт-2020» кыймылы менен «Клоопко» кол салуу даярдалып жатат

Автор -
404

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Ширин Айтматова «Үмүт-2020» элдик кыймылына жана «Клооп» журналисттерине кол салуу даярдалып жатканы тууралу кабарлады. Бул тууралуу ал өзүнүн Твиттердеги баракчасында билдирди.

April.kg сайты Ширин Айтматовага таянуу менен кол салуу кандай түрдө болоору так белгисиз экенин жазат. Анын Твиттердеги жарыясы — оппозицияга карата ар кандай чаралар көрүлүшү мүмкүндүгү туурасында коомчулукка эскертип коюу.

Белгилей кетсек, 25-ноябрда Ала-Тоо аянтында Бажыдагы коррупцияга каршы өткөн митингге башка активисттер менен катар эле Ширин Айтматова дагы катышкан.