АКШнын Флорида штатындагы Майами-Дейд округунун полициясы интернетке бала сатыла тургандыгы тууралуу жарыя берген адамды издеп жатат. Бул тууралуу The Sun басылмасы жазып чыкты.
Автор өзүнүн жарыясын Craiglist сайтына 22-ноябрь күнү жайгаштырып, ымыркай үчүн 500 доллар сураган.
[ads-quote-center cite=’деп жазылган жарыяда. ‘]«Бөбөккө эки жума болду. Уктайт, түнкүсүн ызы-чуу салбайт. Сүт аралашмасы жана кийим-кечесин кошо берем. Үстүнө 4 жаштагы эжесин бекер эле кошуп берем», [/ads-quote-center]Анда автор «бала чоңойткусу келбегени үчүн сын-пикир угууну каалабай турганын» белгилеген.
Учурда ал жарнама сайттан өчүрүлүп салынды. Полиция ал жарыя чындап жазылганын аныктоо жана авторун табуу максатында иликтөө иштерин баштады.