ЖККУ саммити. Владимир Путин Кыргызстанга келди (фото)

Автор -

Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн, 28-ноябрда Жамааттык Коопсуздук келишим уюмунун кезектеги сессиясына катышуу үчүн келди. Маалыматты президенттик аппараттын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Владимир Путинди «Манас 2» эл аралык аэропортунан өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышуунун алкагында Сооронбай Жээнбеков жана Владимир Путиндин эки тараптуу жолугушуусу болот.

Жамааттык коопсуздук келишим уюму – «тынчтыкты, эл аралык жана аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөө» максатын көздөгөн эл аралык уюм. Уюмга Орусия, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргыз Республикасы жана Тажикстан мүчө болуп саналат.