Фейсбуктагы «БеспределKG» баракчасынын администратору Афтандил Жоробеков кайсы макаласы үчүн камакка алынганы белгилүү болду. Бүгүн, 27-ноябрда анын карындашы Чинара Темирова ошол баракча аркылуу президент Сооронбай Жээнбековго жана Өмүрбек Текебаевге видеокайрылуу жасады.
Анын айтымында, агасынын камакка алынышына «БеспределKG» баракчасына жарыяланган «Хабибулла менен Соке Райымды чыгарып кетишти» деген посту себеп болгон.
Эскерте кетсек, бүгүн УКМК социалдык тармактардын активдүү колдонуучусун КР Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-п. (аймактар аралык касташууну козутуу) боюнча кылмышка шектүү катары кармап, камакка алганын кабарлаган. Кийин анын Фейсбуктагы «БеспределKG» баракчасынын администратору Афтандил Жоробеков экени маалым болгон.