Москвада 3 кыргыз жараны ымыркайды алып-сатууга шектүү делип кармалды

Автор -

Москва шаарында Кыргызстандын 3 жараны ымыркайды сатууга шектүү делип кармалды. Бул тууралуу орусиялык басылмаларга таянып, 24.kg жазып чыкты.

Маалыматка караганда, полицияга кыргызстандык 22 жаштагы келин кайрылып, уурдалган наристе тууралуу билдирген. Айтымында, өткөн жылдын октябрында интернет аркылуу кыргызстандык үй-бүлө менен таанышат. Ал кош бойлуу болгондуктан ушул жылдын августунда толгоосу башталып, интернет аркылуу таанышкан жубайларга байланышка чыккан. Алар медициналык тез жардам кызматын чакырбоону сунуштап, төрөт үйүнө өздөрү жеткиришкен. Ал эми төрөттөн кийин арыз ээсинин абалы оорлоп, 2 жума ооруканада жатып калат.

[ads-quote-center cite=’деп жазылат билдирүүдө.’]«Арыз ээси эркек баласын жердештерине берип, ооруканадан чыккандан кийин ала турган болот. Бирок жердештери ымыркайды өздөрүнө каттатып алышканын, жаш келин өзү баланы багууга алы жетпей турганын айтышкан. Арыздануучу баласын багып алган үй-бүлө жашырынып жүргөнүн айткан», [/ads-quote-center]

Айрым маалыматтарга ылайык, келин баласын багуудан баш тарткан делүүдө. Интернеттен таанышкан кыргызстандык жубайлар баланы өздөрүнө алуу максатында, келинге 150 миң рубль беришкени айтылат.

Жыйынтыгында окуя боюнча жаш баланы алып-сатуу фактысы менен кылмыш иши козголду. Баланы төрөгөн келин, кыргызстандык жубайлар — үчөө тең камакка алынды.