Сооронбай Жээнбеков Ташкентке учуп кетти

Автор -

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-ноябрда Ташкент шаарына Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи Консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн учуп кетти. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун күн тартибине саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорт жана коммуникациялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы аймактык кызматташууну кеңейтүү маселелери киргизилген. Жолугушуунун алкагында, Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев менен эки тараптуу жолугушуусу болот.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Кыргыз өлкөсүнүн Өзбекстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, экономика министри Санжар Муканбетов, транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов бар.

Биринчи консультативдик жолугушуу 2018-жылдын 15-мартында Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү