Афтандил Жоробековдон Акыйкатчы институту кабар алат

Автор -
@Azattyk

«БеспределKG» баракчасынын негиздөөчүсү, активист Афтандил Жоробековдун камактагы абалынан омбудсмендин орун басары Ерлан Алимбаев 29-ноябрда кабар алганга аракет кылат. Бир күн мурун тергөө иштерине байланыштуу жолугушууга мүмкүн болбогонун «Азаттыкка» билдирди.

«Бүгүн байланышып сурайбыз. Эгер мүмкүн болсо, барабыз. Өзүңөр билесинер, ал жер өзгөчө режимдеги объект, уруп-согуп кирип кете албайсын»,  
деди Алимбаев.

Эскерте кетсек, УКМК 24-ноябрда аймак аралык кастыкты козутуп жатканы үчүн соцтармактын активдүү колдонуучусу кармалганын билдирген. Кийинчерээкк ал «БеспределKG» баракчасынын администратору Афтандил Жоробеков экени маалым болгон.

Улуттук коопсуздук комитети Жоробековго «жалган, чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды социалдык тармакта колдонуучулардын арасында жайылтып, массалык нааразычылык актыларын уюштурууга үндөгөн» деген айып таккан.

Бул арада Жоробековдун карындашы бул маселени чечүүдө жардам сурап, президентке жана Өмүрбек Текебаевге кайрылган. Активисттин жакындары анын камакка алынышын Кыргызстандагы мыйзамсыз иштерге каршы пикирин ачык айтып, баракчасы аркылуу бийликтин көңүлүн бурууга аракет кылганы үчүн сөз эркиндигинен ажыратуу катары баалап жатышат.

Алар «БеспределKG» баракчасына камакка алынган Афтандил Жоробеков тууралуу кыска тасма жарыялашты.

«БеспределKGнин» «Фейсбуктагы» баракчасына акыркы учурларда Кыргызстандын бажысындагы коррупциялык иштер жана ал боюнча журналисттик иликтөөдө аты аталган адамдар боюнча маалыматтар байма-бай жарыяланып турган.

Бөлүшүү