Жолдубаева: 7-8-августта Кой-Таштагыларга чалган абоненттерди текшерүү уланууда

Автор -
Кундуз Жолдубаева

7-8-августта Кой-Ташта жүргөн адамдарга чалган абоненттерди текшерүү дагы деле уланууда. Бул туурасында КСДП өкүлү Кундуз Жолдубаева Фейсбуктагы баракчасында билдирди.

Анын айтымында, жакында эле Криминалдык милиция кызматынан Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын бири Асель Кодуранованын кызына чалышкан.

«Жогорку Кеңештин депутаты Асель Кодуранованын калаадагы мектептердин биринде окуган кызына Криминалдык милиция кызматкери чалып, 7-августта Асель Кодурановага эмне максатта чалганын сураптыр. Эми эмне өз апасына чалууга болбойбу? КСДП жана «Элдик штабдын» мүчөлөрүнүн туугандары менен жакындарында да ушул эле көрүнүш», -деп жазат Жолдубаева.

Буга чейин «Франц Пресстин» журналисти Толкун Наматбаеваны милицияга чакырышканы белгилүү болгон. ИИМден анын Кой-Таш окуяларына байланышы бар адамдарга чалганы тууралуу маалымат болгон. «Ал күндөрү мен журналист катары Кой-Таштагы штабга да, КСДП Саясий кеңешинин мүчөлөрүнө да чалып аткам», — деген Толкун Наматбаева.

Эскерте кетсек, Асель Кодуранова спецназ жоокерлерин барымтага алуу иши боюнча шектүү катары өтүп жатат. Депутат азыр үй камагында.