Өкмөт башчы «Кумтөрдө» жоголгон жарандарды издөө тапшырмасын берди

Автор -

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасы менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлери «Кумтөр» кенине кетишти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Премьер-министр «Кумтөр» кенинде жоголгон жарандарды издөө боюнча зарыл болгон бардык чараларды көрүү тапшырмасын берди.

Белгилүү болгондой, 1-декабрда эртең менен «Кумтөрдүн» эки кызматкери — бульдозердин айдоочусу жана түнкү нөөмөттүн кезекчиси жоголгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, кызматкерлер «Кумтөрдөгү» жер көчкүнүн кесепетинен жабыр тартышы мүмкүн. Учурда аларды издөө иштери жүрүүдө.

 

 

 

Бөлүшүү