Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинин жетекчиси Мира Жангарачева бүгүн, 2-декабрда өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар билдиришти.
Анын кызматтан кетишине музейде өткөн Феминалле көргөзмөсү себеп болгону айтылууда. Иш-чарада кыздар жылаңачтанып басып жүргөнүн чагылдырган видео тарап, ал коомчулуктун катуу нааразычылыгын жараткан.
Мира Жангарачеванын айтымында, мындай кадамга ал музей кызматкерлерин жана Феминалле көргөзмөсүнүн уюштуруучуларын коомдогу айрым топтордун коркутуп-үркүтүүлөрүнөн коргоо максатында барган.
Маданият министри Азамат Жаманкулов бул боюнча ЖМК өкүлдөрүнө комментарий берип, аталган иш-чараны колдобой турганын жана Жангарачеванын арызына кол койгонун билдирди.