Саркисян кыргыз депутатынын ЕАЭБ боюнча сынына жооп берди

Автор -

Евразия экономикалык кеңешинин башчысы Тигран Саркисян «Tazabek» сайтына Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоевдун «Кыргызстан биримдиктен чыгышы керек» деген пикирине жооп берди.

Экономикалык маалыматтарды жазган «Tazabek» сайты кабарлагандай, Саркисян мындай деген:

«Мындай сөз жалаң эле Кыргызстанда айтылган жок. Албетте, андай күмөн бар. Эмнеге нааразы жана эмне жакпай жатат — мындай сындарды угушубуз керек. Биз Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) дарегине айтылган сынга көз салабыз. Сын пикир бизди күчтүү кылып, кемчиликтерди жоюшубуз керек».

Парламент депутаты Кенжебек Бокоев Кыргызстан үчүн ЕАЭБдин пайдасы жок экенин белгилеп, ал уюмдан чыгууну сунуш кылган.

Кыргыз өкмөтү 2015-жылы ЕАЭБге мүчө болгондо төрт эркиндик берилерин, алар — жарандардын, товардын, тейлөө кызматтарынын жана капиталдын беш өлкө аймагында тоскоолдуксуз жүрүшү экенин жарыялаган.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү