Орусияда автобус көпүрөдөн кулап, 19 киши каза тапты (видео)

Автор -

Орусияда 43 жүргүнчү менен бара жаткан автобус көпүрөдөн кулап түшүп, 19 киши каза таап, 21 жүргүнчү жаракат алды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазды.

Кырсык кечээ, 1-декабрда болгон. Забайкалье аймагында Чита-Сретенск унаа каттамында бара жаткан автобус Куэнга дарыясы аркылуу өткөн көпүрөдөн кулаган.

Маалыматка караганда, жабыркагандардын алтоо Чита шаарындагы аймактык клиникалык ооруканага жеткирилди. Райондук ооруканаларда оор абалдагы 8 адам бар, бешөөнүн абалы орточо оордукта. Аларды азырынча ордунан козгоого болбойт.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү