Молдовановкадагы түзөтүү мекемесинде соттолгон адам муунуп өлдү

Автор -

Молдовановка айылындагы № 1 түзөтүү мекемесинде айыпталуучу муунуп каза болду. Маалыматты Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына таянып, 24.kg агенттиги жазып чыкты.

Алдын ала маалыматка ылайык, айыпталуучу өз өмүрүнө кол салган.

«Тергөө жүрүүдө, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатабыз», — деп билдиришти ЖАМКтан.

Белгилей кетсек, каза болгон жарандын сөөгү күйүп калган. Мекемеден билдиришкендей, айыпталуучу өз өмүрүнө кол салаардан мурда чылым чеккен.

«Эксперттин айтымында, чылымдын өчүрүлбөгөн калдыгы отургучка түшүп күйүп баштаган. Мындан улам, жарандын денеси жана колдору бир аз күйгөн», — деп билдиришти мекемеден.