Путиндин учагын Бишкекке кантип кондурушту? (видео)

Автор -

Бишкекте өткөн жумада, 28-ноябрь күнү Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги саммити өттү. Ага Россия, Беларусь, Казакстан, Тажикстандын президенттери, Армениянын премьер-министри катышты.

Жогорку даражалуу коноктор келип баштаганда, «Манас» аэропортун коюу туман каптап турган. Буга карабай, Владимир Путиндин учагы «чебер» конуу жасады.

«Россия 24» телеканалы өзүнүн атайын репортажында аба ырайынын оор шартында ийгиликтүү конуу жасаган учкучтардын жакшы уюшкан иши тууралуу  айтып берди.

«Саммит болоор күнү Бишкектин аэропортун коюу туман басып калыптыр. Мындан улам, аба майдан 9 сааттан бери каттамдарды кабыл албай жаткан экен. Бирок айрымдар тобокелчиликке барышты»»,
деп билдирет кабарчы.

№1 борттун учкучтары конуу алдында «ар бир он мүнөт сайын» аба ырайы өзгөрүп турганын айтып беришти. Учак ылдыйлап конгону жатканда абал такыр эле начарлаган. Бирок экипаж буга даяр болгондуктан, дагы бир айланып келүүнү чечкен.

Президенттин учкучтары тобокелчиликке барбаганын, болгону бул профессионалдуулук гана экенин айтышты.

 

Бөлүшүү