«Азаттыктын» журналисти Али Токтакунов УКМКга суракка чакырылды

Автор -

Айеркен Саймаитиге көзү тирүүсүндө Бишкекте кол салуу болгону тууралуу факт боюнча «Киши өлтүрүүгө аракет жасоо» беренеси менен катталган ишти тергөө уланууда. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, иликтөө иштери ар тараптуу жана ачык  айкын өткөрүү максатында тиешелүү баардык тергөө иштери жүрүп жатат.

«2019-жылдын 2-декабрында «Азаттык радиосунун» журналисттери, алардын арасында иликтөөнүн автору Али Токтакунов чакырылды. Жана ошондой эле, КР Жогорку Кеңеш депутаттары А.Сулайманов, Д.Торокулов, экс-депутат Ш.Айтматова, граждандык активисттер, КР Президентинин инаугурациясын өткөрүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү Ф.Ниязов, М.Абулгазиев, Т.Бекбоев жана башкалар чакырылмакчы»,
деп айтылат маалыматта.

УКМК ошондой эле, бажы органдарындагы коррупциялык схемага тиешеси бар кызмат адамдары тууралуу жана ошондой эле бул факт боюнча башка тиешелүү маалыматтар болсо тергөө органдарына расмий көрсөтмө берүү үчүн кызматташууга чакырат. Ал үчүн КР УКМК Нөөмөт бөлүмүнүн 0 (312) 66-04-75; 0 (312) 62-65-04 телефондоруна кайрылууну өтүнөт.

Эскерте кетсек, бул иш боюнча буга чейин Кыргызстандын Стамбулдагы мурунку башкы консулу Эркин Сопоков суракка чакырылып, 48 саатка камалган. Ал эми, Бажы кызматынын жетекчисинин мурунку орун басары Райымбек Матраимов УКМКда 6 саатка жакын сурак берип чыккан.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү