Токмокто аялын бычактаган киши кармалды

Автор -

Токмок шаарында 62 жаштагы эркек киши аялын бычак менен сайып салган деп шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициядан билдиришти.

Окуя 29-ноябрь күнү Токмок шаарындагы медициналык борборлордун биринде катталган. Маалыматка ылайык, Токмок ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканадан билдирүү келген. Анда аял киши бычактан жаракат алып түшкөнү айтылган. Жерине ыкчам-тергөө тобу барып, окуяны такташкан.

«Шаардагы медициналык борборлордун биринде жубайлардын ортосунда уруш чыккан. Анын кесепетинде күйөөсү ошол борбордо иштеген аялын бычак менен сайып, качып кеткен.  Жабырлануучу, 57 жаштагы Ш.Г.,аймактык ооруканага жеткирилген»,
деп айтылат маалыматта.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Издөө иштеринде шектүү катары 62 жаштагы Ш.А. аттуу жаран кармалган. Учурда бардык тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери башталды.

 

Бөлүшүү