Бишкек шаарында Стаханов көчөсүндөгү эки кабаттуу турак үйдөн өрт чыгып, 5 адам жабыркады, алардын экөө — жаш балдар. Бул туурасында ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, өрт тууралуу маалымат кечээ, 2-декабрь күнү саат 15:40 чамаларында түшкөн, өрт өчүрүүчүлөр жерине 15:49 да жетишкен. Он мүнөттө жалын чектөөгө алынып, бат эле толук өчүрүлгөн.
Өрттүн кесепетинен жыгач устундуу шифер жабылган эки кабаттуу турак үйдүн №19 жана №20 батирлеринин 90 ч.м. чатыры, үй буюмдары жана кийим-кечелер күйгөн.
44 жаштагы Б кызы А. түтүнгө ууланган, 54 жаштагы С. А. бети жана колунан 3-даражада күйүк алган, 57 жаштагы С. Н. колунан күйүк алган жана түтүнгө ууланган, 7 жаштагы А. К. жана 3 жаштагы С кызы А. түтүнгө ууланган.
Жабырлануучулар тез жардам кызматы аркылуу Бишкек шаардык №4 жана №3 ооруканасына жеткирилген. Абалдары туруктуу.
Өрттүн чыгышына электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу себеп болгон.