Сот Дүйшөнбек Зилалиевдин ишин кайра башынан карайт

Автор -

Биринчи Май райондук сотунда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин мыйзамсыз баюу иши боюнча соттук териштирүү кайрадан башынан башталат. Бул тууралуу анын жактоочусу Таалайгүл Токтакуновага шилтеме менен 24.kg агенттиги жазды.

Айтымында, бул судьянын алмашкандыгына байланыштуу. Буга чейин сотко Алмаз Койлубаев төрагалык кылган. Бирок ал Чүй облустук сотуна которулуп кетти.

«Азыр жаңы судья дайындалды. Процесс кайра башынан башталат. Баардык күбөлөр кайрадан көрсөтмө беришет», — деди жактоочу.

Соттун биринчи отуруму 11-декабрда өтөт. Аны судья Адылбек Эсенбаев жетектейт.

Эске салсак, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 2018-жылдын 8-декабрында мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевди камакка алган. Ага Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 308-10-беренеси («Мыйзамсыз баюу») боюнча кылмыш иши козголгон.

Бөлүшүү