Ирандагы нааразылык учурунда 208 адам өлгөнү кабарланды

Автор -

Иранда өкмөткө каршы акцияда 208 адам жашоо менен кош айтышканын «Эл аралык мунапыс» уюму 2-декабрда билдирди. Батыш булактары курмандыктар мындан көп экенин айтууда. New York Times гезити 450 адам көз жумганын жазды. Миңдеген кишилер камакка алынган.

«Human Rights Watch» (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Иран бийликке каршы нааразылыкты күч менен басуунун деңгээлин жана андагы курмандыктардын санын азайтып көргөзүп жатканын билдирген.

Иранда толкундоо өкмөт бензин баасын көтөрүп, күйүүчү майга чектөө киргизүү тууралуу чечимин жарыялаган соң, 15-ноябрда башталган. Ал 100гө чукул шаар-кыштакка жайылганы кабарланган.

Тегерандын расмий маалыматы боюнча массалык акцияларда беш киши каза таап, 180 адам кармалган.