Рита Карасартова Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору болуп дайындалды

Автор -

Рита Карасартова Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-декабрда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Агенттикти буга чейин жетектеген Таалайбек Чолпонкулов өз арызы менен кызматтан бошотулду. Чолпонкулов бул кызматта 2009-жылдан бери иштеп келген. Бүгүн билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков жаңы дайындалган директор Карасартованы кесиптик-техникалык агенттигинин жалпы жамаатына тааныштырды.

Министр түзүмдө буга чейин аткарылган жумуштар үчүн Таалайбек Чолпонкуловго ыраазычылык билдирип, жаңы дайындалган жетекчиге бул тармакта башталган реформаларды улантуу ишине ийгилик каалады.

Бөлүшүү