Украинада мышык 9 айлык кызды тумчуктуруп өлтүрдү

Автор -
Иллюстрация

Украинанын Липовец районунда мышык 9 айлык кызды тумчуктуруп өлтүрдү. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук полициясына таянып,  Vinbazar жазып чыкты.

Анын маалыматына караганда, 30-ноябрда аял кызын коляскага уктатып, короого  калтырып коюп, үй жумуштары менен алек болуп жүргөн. Кайра келгенде, кыздын үстүнө жатып алган мышыкты көргөн.

Мышыкты тургузуп жиберген эне бөбөктө тирүүлүктүн жышааны жок экенин көргөн. Аял «Тез жардам» кызматын чакырган. Келген дарыгерлер кыз аба жетпей каза тапканын тастыкташты. Денесинен башка жаракат табылган жок.

Кыздын апасы менен психологдор иштешип жатканы айтылат. Полиция бул факты боюнча «Кырсык» беренеси менен иш козгоду.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү