Юристанбек Шыгаевден пара талап кылган УКМК кызматкерине сот өкүмү чыкты

Автор -

Юристанбек Шыгаевден 350 миң пара талап кылган УКМК кызматкерине сот өкүмү чыкты. Бул туурасында Kaktus.media жазып чыкты.

Маалыматка караганда, ал 2,5 жылга абакка кесилип, 50 миң сом айып төлөмөй болду.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын май айынын аягында Башкы прокуратура УКМК кызматкери М.Ю. аттуу жаранды музейден кымбат баалуу картинаны уурдап кетүү фактысы боюнча 2013-жылы козголгон кылмыш иши менен опузалап, териштирүүнү токтотуу үчүн андан 350 миң сом пара талап кылганы тууралуу билдирүү тараткан.  Маалыматта жабырлануучу 16-майда арыз менен Аскер прокуратурасына кайрылып, 17-майда чекист музей директорунун кабинетинен 50 миң сом пара алып жаткан жеринен колго түшкөнү айтылган. Бирок анда кайсы музей экени жана пара берген жарандын аты-жөнү так айтылган эмес.

Kaktus.media  сайтынын маалыматына караганда, Юристанбек Шыгаевден пара талап кылган УКМК кызматкери анын өкүл баласы болгон. Ал Шыгаевди музейден Айвазовскийдин картинасы уурдалган факты боюнча ачылган кылмыш иши менен коркутуп, 20 миң доллар талап кылган.

Шыгаев маянасы 18 миң сом болгондуктан, анча акча таап бере албай тургандыгын билдирген. Бирок 5 миң доллар таап берүүгө макул болуп, ал акчаны 2019-жылдын 17-майына чейин бермекчи болгон. Болжошкон күнү кызматкер Шыгаевден 50 миң сом алып жатып колго түшкөн.

Сот акча талап кылган жаранды 2 жыл, 6 айга түрмөгө кесип, 50 миң сом айып төлөөгө милдеттендирди.  Бирок ошол эле учурда айыпталуучу Кылмыш-жаза кодексинин 83-беренесин ылайык, жаза өтөөдөн бошотулуп, бир жыл пробациялык көзөмөлдө болот.

Анын жүрүм-турумун көзөмөлдөө УКМКнын жетекчилигине жүктөлдү, ал жерден бошонуп кеткен учурда Юстиция министрлигинин пробация департаменти жооптуу болот.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын май айында Юристанбек Шыгаев чуу менен музей жетекчилигинен кеткен. Ал 2013-жылы музейден Николай Сверчковдун «Ат менен ит» (1875-жыл) жана  Николай Генин калемине таандык «Н.А.Бакуниндин портрети» (1871-жыл) картиналарын алып чыгып, кайра начар абалда кайтарып бергени маалым болгон. Анын ордуна бүгүн, 2-декабрда Феминалле көргөзмөсү үчүн кызматтан кеткен Мира Жангарачева дайындалган болчу.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү