Германия кыргызстандыктарга көп виза бере баштайт

Автор -
286

Германиянын элчилиги кыргызстандыктарга Испания, Италия жана Австрия өлкөлөрү үчүн виза берүүсүн токтотот. Натыйжада, жарандар Германияга көбүрөөк виза ачтыра алышат. Бул тууралуу Германиянын Кыргызстандагы элчиси Моника Иверсен «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Иверсен акыркы жылдары Германияга виза ачтыруу талабынын өскөнүн, мындан улам элчиликтин виза бөлүмүнүн кызматкерлеринин жумуштары кескин көбөйгөнүн айтат.

Ал белгилегендей, Германиянын элчилиги бир топ жылдан бери Европанын 10 мамлекети үчүн виза берип келет.

Эми 2020-жылдын 1-январынан тарта Испанияга виза ачтырууну каалаган кыргызстандыктар Казакстандын Нур-Султан (Испаниянын элчилигине) же Алматы (BLS виза борбору) калаасына барышы керек.

Ал эми Италияга виза ачтыруучулар Италиянын Казакстандагы элчилигине (Нур-Султан шаары) кайрылууга тийиш. Ушул эле жагдай Австрия үчүн да тийиштүү.

Германиянын элчилиги Шенген келишими боюнча виза берүү иштерин улантат. Шенген келишиминдеги өлкөлөргө Бельгия, Греция, Германия, Люксембург, Нидерланды, Португалия, Швеция кирет.

Бөлүшүү