Унаанын ичинен телефон уурдаганга шектелип, 23 жаштагы жаран кармалды

Автор -

Бишкекте унаанын ичинен телефон уурдаганга шектелип, 23 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 7-октябрда Биринчи Май РИИБине жаран арыз менен кайрылган. Арызда 6-октябрь күнү саат 20:00 чамасында «Калыс-Ордо» жаңы конушунан «Мерседец-Бенц» унаасынын ичинен белгисиз жарандар уюлдук телефонун уурдап кетишкен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Издөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 23 жаштагы О.А. аттуу жаран кармалды. Учурда ал Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайында киргизилип, териштирүү иштери башталды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү