Депутат чек арага ВИЧ аныктоочу жабдуу орнотууну сунуштады

Автор -

Кыргызстанга чет өлкөдөн келген студенттердин ден соолугун чек арадан өтөрдө текшериш керек. Мындай оюн депутат Сагындык Келдибаев бүгүн, 5-декабрда парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Москвада ооруканада иштөөнү каалаган кыргызстандыктардын ичинен 480 кишиден ВИЧ аныкталган.

[ads-quote-center cite=’ деди депутат.’]«Ал 480 адам кайра Кыргызстанга кайтып келди да, — деди депутат. — Мындай маселе Тажикстанда, Өзбекстанда да бар. Алар аэропортторго лаборатория орнотуп, мекенине кайра кайтып келген мигранттарды текшерип жатышат. Биз да чет жакта жүргөн мигранттарыбызга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, аэропортко лаборатория коюшубуз керек. Ошондой эле Индиядан, Пакистандан Кыргызстанга келип жаткан студенттерди да текшерип киргизүүнү милдеттендиришибиз зарыл», [/ads-quote-center]

Республикалык СПИД бирикмесинин быйыл 1-ноябрдагы маалыматына караганда, Кыргызстанда ВИЧ жугузуп алгандардын расмий саны 9516 адам. Алардын 2013ү каза болгон.

Дарт жуккандардын 8 миң 994 — кыргызстандыктар, 522си чет элдиктер. ВИЧке кабылгандардын 64% эркектер, 36% аялдар. 14 жашка чейинкилер 7,5% түзөт.

Ооруга чалдыккандардын 47% корголбогон жыныстык катыш учурунда, 45% баңгизатты ийне менен сайынуу жана медициналык жабдуу аркылуу жугузуп алган. 2,8% энеден балага өтсө, 4,8% так аныктала элек.