Чүй районунда 11 жаштагы өспүрүм өз жанын кыйды

Автор -

Чүй районунда 11 жаштагы өспүрүм асынып алды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-ноябрь күнү болжол менен саат 17:03 чамасында Чүй районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө телефон чалуу болгон. Анда өспүрүм үйүндөгү сарайдын ичинен өз өмүрүн кыйганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, маркум 2008-жылы туулган К.Н. аттуу бала экендигин аныкташкан. Денесине кароо жүргүзүү учурунда моюнундагы жиптен башка жаракаттар аныкталган эмес. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Маркум Чүй районундагы орто мектептердин биринде 5-класста окучу жана жетиштүү үй-бүлөдө чоңойгону маалым болгон. Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү