Кыргызстанда жаңы жылдык эс алуулар канча күнгө созулаары аныкталды

Автор -
371

Өкмөт 2020-жылы дем алыш күндөрдү которуу жөнүндө токтом долбоорун иштеп чыкты. 

Ага ылайык, беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн:

  • 24-февралдагы дем алыш күн (23-февраль дем алыш күнгө туш келгендиктен, эс алуу күнү катары саналат)  2-январдагы иш күнүнө;
  • 9-марттагы дем алыш күн (8-март дем алыш күнгө туш келгендиктен, эс алуу күнү катары саналат) 3-январдагы иш күнүнө;
  • 23-марттагы дем алыш күн (21-март дем алыш күнгө туш келгендиктен, эс алуу күнү катары саналат) 6-январдагы иш күнүнө;
  • 11-майдагы дем алыш күн (9-май дем алыш күнгө туш келгендиктен, эс алуу күнү катары саналат) 4-майдагы иш күнүнө которулат.

Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында, бул долбоордо беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген жеке менчик формасындагы юридикалык жактардын жетекчилерине:

  • 24-февралдагы дем алыш күндү (23-февраль дем алыш күнгө туш келгендиктен, эс алуу күнү катары саналат) 2-январдагы  иш күнүнө;
  • 9-марттагы дем алыш күн (8-март дем алыш күнгө туш келгендиктен, эс алуу күнү катары саналат) 3-январдагы иш күнүнө;
  • 23-марттагы дем алыш күн (21-март дем алыш күнгө туш келгендиктен, эс алуу күнү катары саналат) 6-январдагы иш күнүнө;
  • 11-майдагы дем алыш күндү (9-май дем алыш күнгө туш келгендиктен, эс алуу күнү катары саналат) 4-майдагы иш күнүнө которуу сунушталат.

Ошентип, Жаңы жылды белгилөөгө байланыштуу республиканын жарандары 1-январдан 7-январга чейин, ошондой эле 1нен 5-майга чейин май майрамдары учурунда эс алышат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү токтом долбоору учурда министрликтер жана ведомстволор менен макулдашуу процедурасынан өтүүдө.

Бөлүшүү