БУУ: 2020-жылы дүйнөдө кырдаал дагы курчушу мүмкүн

Автор -

Бириккен Улуттар Уюму 2020-жылга карата божомолун жарыялап, климат дагы да ысып, согуш көбөйүп, ар кандай дарттар жайыларын билдирди, деп жазат «Азаттык».

Уюмдун баяндамасында согуштардан улам көп адамдар эмделбей калып жатканы, коомдун саламаттыгын көзөмөлдөө оорлошуп баратканы белгиленди. Мунун жыйынтыгында Африкада 2019-жылдын үч айында эле кызамык менен жабыркагандардын саны кескин көбөйгөн.

БУУнун өкүлү Марк Лоукок климаттын өзгөрүшү боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынышы керектигин сунуш кылды. Анын айтымында, азыркы тенденция уланса, муктаждардын саны 2022-жылы 200 миллионго чейин өсөт:

«2020-жылы дээрлик 168 миллион адамга жардам жана коргоо керек. Бул планетадагы ар 45-адам. Мындай сан соңку он жылда болуп көргөн эмес».

БУУ билдиргендей, дүйнөдөгү 20 эң муктаж мамлекеттин 13ү табият кырсыктарынан жана глобалдык жылуулуктан жапа тартууда. Ошону менен катары планетанын экономикалык абалы да жакшы эмес. Буга эки эң ири держава — Кытай менен АКШнын соода тиреши да себеп болууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү