Кыргызстандык дайынсыз кеткен апасынын сөөгүн Москвадан тапты

Автор -

Дайынсыз жоголгон кыргызстандыктын сөөгүн Москвадан табышты. Бул тууралуу ИИМ маалымат кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, ИИМдин Россиядагы Өкүлчүлүгүнө жарым жылдан бери дайынсыз болуп жаткан апасын таап берүү өтүнүчү менен кайрылган. Аял жоголгонго чейин Москвада пол жууп иштеп жүргөн. Туугандары алгач өз алдынча издөөгө аракет кылып, кийин милицияга кайрылышкан.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө 2018-жылдын 28-мартында Бирюлев районунда 57 жаштагы К.С. аттуу аялдын күч колдонуу белгилери болбогон сөөгү табылып, соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү үчүн өлүкканага жөнөтүлгөнү белгилүү болгон. Кийин аны мамлекеттин эсебинен жерге беришкен.

Маркумдун туугандары сөөктү мекенине алып кетүүгө керектүү документтерди алышты. Бирок Россия мыйзамдары жана санитардык нормалар боюнча сөөк көмүлгөндөн бир жыл өткөндөн кийин гана эксгумация жасоого уруксат берилет.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү