ӨКМ: «Кумтөрдүн» эки кызматкерин издөө уланууда

Автор -

«Кумтөр» компаниясынын жоголгон эки кызматкерин издөө иштери уланууда. Бул туурасында ӨКМден билдиришти.

Мекемеден билдиришкендей, учурда издөө иштерине: кинологдор жана альпинисттер тобун кошкондо 94 куткаруучу, 35 даана оор техника (13 бульдозер, 6 экскаватор, 14 карьердик самосвал, 1 автогрейдер жана 1 жүктөөчү унаа) тартылды.

Эскерте кетсек, «Кумтөрдүн» эки кызматкери — бульдозердин айдоочусу жана түнкү нөөмөттүн кезекчиси 5 күндөн бери дайынсыз болууда. Алдын ала маалыматтар боюнча, кызматкерлер «Кумтөрдөгү» жер көчкүнүн алдында калышы мүмкүн.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү