Окуучулардын кышкы эс алуусу качан башталат?

Автор -

2019-2020-жылдын окуу планына ылайык, окуучулардын кышкы эс алуусу 30-декабрдан башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эс алуу 2020-жылдын 10-январына чейин уланат.

Окуу жүктөмү беш күндүк жалпы билим берүү уюмдарында сабак дүйшөмбү, 13-январдан башталса, мектеп-гимназиялары 11-январь күнү окууга барышат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү