Ошто аскердик бөлүктүн ефрейтору токко урунду

Автор -

Ошто контрактык негиздеги кызмат өтөгөн №92843 аскердик бөлүктүн ефрейтору токко урунду. Бул тууралуу Башкы Штабдын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-декабрь күнү аскердик бөлүктүн радиотелефонисти, ефрейтор Ш.у.А. полигондо машыгуу сабагынан кайтып келе жатып, кубаттуулугу күчтүү токко урунган.

Жабырлануучуга жардам көрсөтүлүп, учурда ал райондук ооруканада дарыланууда. Абалы орто, бирок оор. Окуя боюнча Аскер прокуратурасынын Ош облустук гарнизону кызматтык териштирүү жүргүзүүдө.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү