Депутаттын уулу аралашкан кырсык боюнча иш сотко өттү

Автор -

Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу Темирлан Токобеков аралашкан Чолпон-Атадагы жол кырсык боюнча козголгон кылмыш иштин материалдары сотко өттү. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Азырынча сот качан болору белгисиз. Буга чейин жол кырсыгы боюнча экспертизанын жыйынтыгы чыккан. Ага ылайык, кырсыктын келип чыгышына BMW X7 үлгүсүндөгү унаа катуу ылдамдык менен баратканы себеп болгон.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 7-июлунда таңга маал саат 4.30да Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдун бет маңдайында BMW X7 менен Lexus ES 330 үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан.
Жеңил унаанын ичинде төрт, кроссоверде үч киши болгон. Кырсыктын кесепетинен Lexus унаасында отурган эки жигит мүрт кеткен. Үчүнчүсү ооруканада үзүлүп, төртүнчүсү эки күн комада жатып көз жумган.
Ал эми BMW унаасындагы ЖК депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу, Бишкек шаардык кеңештин депутаты Темирлан Токобеков, айдоочу Элдияр Халмурзаев жана дагы бир досу жаракат алган.

 

Бөлүшүү