Аламүдүн районунда эркек киши 80 жаштагы кайненесин сабап өлтүрдү

Автор -

Аламүдүн районунда эркек киши 80 жаштагы кайненесин сабап өлтүрдү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Озерное айылынын 80 жаштагы тургунунун жансыз денеси табылган.

Факт Кылмыш жана жазалардын бирдиктүү реестрине «Киши өлтүрүү» беренеси менен катталды. Алдын-ала алынган маалыматтарга караганда, кемпирдин кызы менен чогуу жашап жаткан 38 жаштагы жаран кайненеси менен уруша кетип, сабап койгон. Ал алган жаракаттарынан каза тапкан.

Шектүү Бишкек ШИИББ убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү