Токмокто практикант кызга тийишкен тергөөчүгө иш козголду

Автор -

Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү өзүнүн кабинетинде ошол жерге практикага келген 17 жашар кыздын колуна кишен салып тийишкен, деп жазат Sputnik Кыргызстан.

Окуя 5-декабрда Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнүн имаратында болгон. Тергөөчү практикага келген жаш кызды кабинетине киргизип, ичинен бекитип, колуна кишен салып, тийише баштаган. Бул учурда кыз ошол жерде практика өтөп жүргөн курбусуна жазганга үлгүргөн. Ал милиция кызматкерлери менен бирге жардамга келгенге жетишип калган.

Кыз жергиликтүү прокуратурага арыз жазган. Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан мындай арыз келип түшкөндүгүн тастыкташты.

Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки иликтөө иштери башталган.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү