Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий борборунда «Антошка» кафесиндеги жарылуудан жабыркаган бир бейтап дарылануусун улантууда. Бул туурасында АКИpress жазып чыкты.
Борбордун башкы дарыгери Алмаз Кубатбековдун айтымында, күн мурун дагы бир жабырлануучу үйүнө чыгарылган.
«Дарыланып жаткан жабырлануучунун абалы туруктуу. Операция жасап, терисинин күйүп калган бөлүктөрүнө башка тери жамадык. Учурда ал бардык керектүү дары-дармектерин алып жатат», — деди Кубатбеков.
Эскерте кетсек, ушул жылдын 8-ноябрында «Антошка» кафесинде жарылуу болгон. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, жарылуу газ жабдууларынан чыккан. Кырсыктан ал жерде иштеген бир кыз каза таап, 15 киши жаракат алган.