Мамкаттоо: жаңы айдоочулук күбөлүк берилип баштады

Автор -
296

Кыргызстанда жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр бериле баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматына таянып, Sputnik.kg жазды.

Мекеменин маалымат катчысы Айбек Бейшеналиевдин айтымында, айдоочу алгач арыз жазышы керек.

[ads-quote-center cite=’ деди маалымат катчы.’]«Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк айдоочу арыз жазган соң төрт күндөн кийин берилет. Бүгүнтөн тарта убактылуу бланк менен жүргөн айдоочулар «Унаа» башкармалыгына барып арыз жаза берсе болот», [/ads-quote-center]
Эске салсак, быйыл июнь айынан тарта Мамлекеттик каттоо кызматы айдоочулук күбөлүк бербей калган. Себебин «эски үлгүдөгү бланктар жок калды» деп түшүндүргөн. Ал эми жаңысы басыла элек болчу. Айдоочулук күбөлүктүн жаңы үлгүсү басылып чыкканга чейин ордуна убактылуу бланк берилип келген. Ал 2019-жылдын 31-декабрына чейин гана жарактуу болуп саналат.
Жаңы күбөлүктүн баасы 100 сом 86 тыйын болот. Буга чейин эски айдоочулук күбөлүктөрдүн баасы 12 евро же 920 сомду түзүп келген.