Россиянын Оренбург облусунда үрөй учурган жол кырсыгы болуп өттү. Бул туурасында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Toyota Previa (минивэн) менен Mercedes-Benz Sprinter унааларынын кагышуусунан төрт кыргыз жараны каза тапкан. Дагы үчөө жаракат алды.
Жол кырсыгы 8-декабрда болжол менен саат 10:10 дө Казань— Акбулак унаа жолунун 76-чакырымында катталган.
Элчиликтин билдиргенине караганда, каза тапкандардын сөөгү тиешелүү иш-чаралардан кийин мекенине жиберилет. Аман калган үч кыргыз жараны Соль-Илецк шаардык ооруканасында, алардын абалы орточо оордукта деп бааланууда.
Абал элчиликтин көзөмөлүндө экени айтылат. Жеринде Кыргызстандын Оренбургдагы консулу менен кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү бар.