Оштогу № 92843 аскер бөлүктө токко урунган 23 жаштагы аскер кызматкери каза тапты. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынан билдиришти.
Мекеменин маалыматына караганда, кечээ болжол менен саат 19:30да ефрейтор Ш. у. А. каза тапты. Эскерте кетсек, ал 4-декабрь күнү полигондогу машыгуу сабагынан кайтып келе жатып, кубаттуулугу күчтүү токко урунган. Аскер кызматкеринин денесинин 80 пайызы күйүп калган.
Ефрейтор Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Кечээ саат 18.00 чамаларында жабырлануучунун абалы начарлап баштаган. Дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан жок.