Дастан Жумабековдун иниси УКМК башкармалыгына жетекчиликке дайындалды

Автор -
435

Салмоорбек Жумабеков УКМК төрагасы Орозбек Опумбаевдин буйругу менен Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кызматтын биринчи башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу жеке булактарына таянып, 24.kg жазып чыкты.

Салмоорбек Жумабеков 34 жашта. Ал Орусиядагы Федералдык коопсуздук кызматы академиясын аяктаган. Буга чейин УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кызматынын башкармалыктарынын биринде жетекчинин орун басары болуп эмгектенген.

«Салмоорбек Жумабеков- Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун бир тууган агасы, профессор Сабырбек Жумабековдун уулу»,
деп белгилейт агенттик.
Бөлүшүү