Бүгүн Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум уланат

Автор -

Бүгүн, 10-декабрда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум уланат. Бул туурасында КСДП басма сөз кызматынан билдиришти. 

Жараян саат 14:00дө Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда башталат. Буга чейин 6-декабрда өтө турган отурум судьянын ооруп калганына байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылдырылган болчу.

Эскерте кетсек, Азиз Батукаев 2013-жылы апрель айында өлкөдөн чыгып кеткен. Анда дарыгерлер ага «курч миелобласттуу лейкоз» (М2-вариант) деген диагноз коюп, Нарында абакта жаткан жеринен мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, ошол эле күнү Россияга учкан.

2013-жылдын 23-апрель күнү Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясынын чечими менен түзүлгөн эксперттик медициналык топ диагнозду жокко чыгарып, фактылар  жасалмаланганын көрсөтүшкөн. Бул факт боюнча ал убакта жүргүзүлгөн текшерүү жыйынтык берген эмес.

2019-жылдын январында Батукаевдин бошотулушу боюнча иш кайра жанданган. Октябрь айында иш сотко өткөрүлгөн.

Бул иште айыпталуучу катары 19 адам өтүп жатат. Алар Батукаевге диагноз коюп берген дарыгерлер жана лаборанттар, ЖАМК өкүлдөрү жана башка жогорку кызматтагы адамдар, анын ичинде экс-президент Алмазбек Атамбаев да бар. 

Бөлүшүү