Алмазбек Атамбаев психиатриялык экспертизадан өтүүдөн баш тартты

Автор -

Алмазбек Атамбаев психиатриялык экспертизадан өтүүдөн баш тартты. Бул тууралуу КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева депутат Ирина Карамушкинага шилтеме берип билдирди.

Анын айтымында, психиатрлар УКМКнын тергөө абагына келишкен. Бирок, мурунку президент дарыгерлердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты.
[ads-quote-center cite=’деди Кундуз Жолдубаева.’]«Бүгүн экспертизадан Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранова өттү. Алардын айтымында, текшерүү баарлашуу формасында болду. Жыйынтыгы 10 күндөн кийин чыгат», [/ads-quote-center]

Буга чейин ИИМ Кой-Таш айылындагы барымтага алуу жана массалык башаламандык фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүштү иликтеп жатканын, анын алкагында шектүү катары каралып жаткан 16 адамга, анын ичинде Атамбаев Алмазбек Шаршеновичке дагы соттук-психиатриялык экспертизадан өтүү дайындалганын билдирген.