Ошто 5-кабаттан кулап кетип, ооруканага түшкөн кыз каза тапты

Автор -

Ошто 5-кабаттан кулап кетип, ооруканага түшкөн кыз каза тапты. Бул туурасында Ош облус аралык бириккен ооруканасынын маалыматына таянып, «Азаттык» жазды.

Окуя 6-декабрь күнү Ош шаарындагы Монуев көчөсүндө болуп, ошол замат «Тез жардам» автоунаасы бейтапты ооруканага жеткирген. Дарыгердин айтымында, көп кабаттуу үйдүн бешинчи кабатынан кулаган 20 жаштагы кыздын сөөктөрү майдаланып кеткен. Бейтап эсине келбей оорукана каза болгон.

Кырсыктын чоо-жайын Ош шаардык ички иштер башкармалыгы териштирип жатат. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, окуя Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине «Кокустук» катары катталган.

Бөлүшүү