Азиз Батукаев боюнча сот отурум жылдырды

Автор -

Бүгүн, 10-декабрда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу иш боюнча соттук отурум өтмөк. Айыпталуучу Раимжанов ден соолугуна байланыштуу отурумга келбегендиктен, отурум башка күнгө жылдырды.

Кийинки отурум 12-декабрда саат 15:00дө өтөт.

Эскерте кетсек, Азиз Батукаев 2013-жылы апрель айында өлкөдөн чыгып кеткен. Анда дарыгерлер ага «курч миелобласттуу лейкоз» (М2-вариант) деген диагноз коюп, Нарында абакта жаткан жеринен мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, ошол эле күнү Россияга учкан.

2013-жылдын 23-апрель күнү Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясынын чечими менен түзүлгөн эксперттик медициналык топ диагнозду жокко чыгарып, фактылар  жасалмаланганын көрсөтүшкөн. Бул факт боюнча ал убакта жүргүзүлгөн текшерүү жыйынтык берген эмес.

2019-жылдын январында Батукаевдин бошотулушу боюнча иш кайра жанданган. Октябрь айында иш сотко өткөрүлгөн.

Бул иште айыпталуучу катары 19 адам өтүп жатат. Алар Батукаевге диагноз коюп берген дарыгерлер жана лаборанттар, ЖАМК өкүлдөрү жана башка жогорку кызматтагы адамдар, анын ичинде экс-президент Алмазбек Атамбаев да бар.