Бишкектеги ок атышуу. Шектүүлөрдү кармоого «Коопсуз шаардын» камералары жардам берди

Автор -

Бишкектеги ок атышуунун катышуучуларын кармоого «Коопсуз шаардын» камералары жардам берди. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ болжол менен саат 19:35те Гагарин менен Бакаев көчөлөрүнүн кесилишинде кара түстүү унаанын ичиндеги белгисиз бирөөлөр «Тойота-Авенсис» унаасына карай ок чыгарышкан. Андан кийин «Тойота-Авенсис» унаасы жол кыймылынын эрежесин бузуп, ок аткандардын унаасынын изине түшүп, бир нече жолу жол эрежелерин бузушуп, жыйынтыгында жол кырсыгына учурашкан.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Аталган окуяга шектүү катары Токтогул районунун 2 тургуну кармалды. Алардын жанынан Макаров үлгүсүндөгү тапанча табылды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү