Жол кырсыгынын кесепетинен Сокулук РИИБ жетекчиси Максат Чойбековдун 3 кабыргасы сынып кеткен. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигине таянып, Super.kg жазып чыкты.
«Чойбековдун үч кабыргасы сынып кеткен. Ага операция жасоо пландалып жатат. Учурда абалы туруктуу», — деп билдиришкен басма сөз кызматынан.
Эскерте кетсек, 7-декабрда Бишкек-Торугарт унаа жолунда Сокулук РИИБинин жетекчиси Максат Чойбеков катышкан жол кырсыгы болгон. Райондук милиция башчысы өзүнө тиешелүү «Мерседес-Бенц» автоунаасы менен батыштан чыгышты көздөй бара жатып, каршы келе жаткан «Мерседес-Спринтер» жүк ташуучу унаа менен кагышкан.
Натыйжада жүк ташуучу унаанын айдоочусу оор абалда Кант шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө тушкөн. Чойбеков өзү аталган ооруканага кайрылып, амбулатордук түрдө дарыланып кеткени айтылган.
Жол кырсыгы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. 9-декабрда Чойбеков тергөө иштери аяктаганга чейин кызматынан четтетилгени маалымдалган.